Сооронбай Жээнбеков: «Антты тутпагандардын тагдыры кандай болгонун билесиздер”

Сооронбай Жээнбеков: "Антты тутпагандардын тагдыры кандай болгонун  билесиздер”Президент бүгүн, 4-октябрда,  Жогорку Кеңеш жыйынында Өкмөттүн жаңы дайындалган мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты. Андагы сөзүндө өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн жүрүм-туруму коомчулукта кызуу талкууланып жатканына сын айтып, аткаминерлерди антка бекем турууга чакырды.

Сооронбай Жээнбеков аткаруу бийлигинин айрым мүчөлөрүнүн жүрүм-туруму коомдо кызуу талкууланып, жалпы бийликке көлөкө түшүргөнүн, мамлекеттик кызматкерлерге карата коомчулуктун терс пикирин жаратканын айтты.

«Сиздердин ар бир кадам, ар бир ишиңиздер элдин элегинен өтүп, дыкат кароосунда экенин эч качан эстен чыгарбаңыздар», «Эл бийликке карата бааны аткарган иши боюнча гана эмес, жетекчилердин жүрүм-туруму боюнча да берет», — деди.

Мамлекет башчы Өкмөт мүчөлөрүн  берген антын бузбоого чакырды.

«Элибиз  эзелтен антты ыйык тутуп, анын маӊызына, жоопкерчилигине, улуулугуна өзгөчө маани берип, касиетин жогору баалап келген. Өлкөбүздүн эгемен тарыхында берген антын тутпаган, анын жоопкерчилигин түшүнбөгөн адамдардын тагдыры кандай болгонун өзүңүздөр билесиздер. Антыңарга бекем болгула!» деди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты