Быйыл мектепти 80 бүтүрүүчү артыкчылык аттестаты менен аяктап жатат

  • 2 года мурун

2021-2022-окуу жылын 80 бүтүрүүчү артыкчылык аттестаты менен аяктап жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Быйыл «Алтын Тамга» сынагына 2232 талапкер катышып, анын ичинен 80 бүтүрүүчү өзгөчө үлгүдөгү аттестат алуу укугун ырастады.

Артыкчылык аттестатын алгандардын көбү Бишкек шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү. Алардын саны — 37.

  • Баткен облусу — 3 окуучу
  • Бишкек шаары — 37 окуучу
  • Жалал-Абад облусу — 11 окуучу
  • Нарын облусу — 1 окуучу
  • Ош шаары — 3 окуучу
  • Ош облусу — 15 окуучу
  • Талас облусу — 3 окуучу
  • Чүй облусу — 1 окуучу
  • Ысык-Көл облусу — 6 окуучу

31-майда Бишкекте жана облустук билим берүү борборлорунда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы өткөн. Министрлик быйыл өзгөчө үлгүдөгү (артыкчылык) сертификат алуу үчүн 2232 бүтүрүүчү ат салышып жатканын маалымдаган. Алардын 1388и окутуу кыргыз тилинде, 803ү орус тилинде жана 38и өзбек тилинде өтүүчү мектептердин окуучулары.

Өткөн жылы 1,4 миңдей окуучу «Алтын тамга» сынагына катышып, 511и артыкчылык аттестатын алган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты