Сузакта окуучуну сабаган мугалим өз арызы менен жумуштан кетти

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда окуучуну ур-токмокко алган мугалим өз арызы менен жумуштан кетти. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги Сафаровка айылындагы №1 мектептин директору Даткайым Нуралиеванын маалыматына таянып жазды.

Директордун айтымында, окуучуга кол көтөргөн мугалим Мээримгүл Эргешбаев учурда эмгек өргүүсүндө.

«Ошол окуядан кийин ал жумушка чыккан жок. Биринчи ооруканга жатып, андан кийин жумуштан кетүү арызы менен эмгек өргүүсүнө чыккан», — деп билдирген Даткайым Нуралиева.

Директор окуучу кыз ооруканадан чыккандан кийин каникул башталганча мектепке барып турганын кошумчалады.

Май айынын аягында социалдык тармактарда мугалим окуучу кызды сабап жаткан видео тарап, коомчулукта талкуу жараткан.

Окуя 23-майда Сузактын Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №1 мектепте болгону белгилүү болгон.

Окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлүп, териштирүүнүн жыйынтыгында мугалим Эмгек кодексинин 381-беренесинин негизинде жумуштан бошотулган. Бирок эки күндөн кийин кайра жумушка кабыл алынганы белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты