Чүйдө жасалма паспорт менен банктан 4 млн сом чыгарып кеткен деген шек менен үч адам кармалды

  • 2 года мурун

Чүй облусунда жасалма паспорт менен банктан ири өлчөмдө акча каражатын чыгарып кеткен деген шек менен үч жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Милициядан билдиришкендей, 2020-жылдын 2-ноябрында Ысык-Ата райондук милициясына “Эсептешүү-сактык» компаниясынын өкүлү Э.И. арыз менен кайрылып, А.К.нын атындагы жасалма паспорттун ээси өзүн кардар катары тааныштырып, депозиттик эсептен 4 млн 195 миң сом алып кеткенин айткан.

Ушул жылдын 18-июнунда кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын үч тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты