Чек арадан өткөн «өлүү жандар»

Чек арадан өткөн "өлүү жандар"Гоголдун “Өлүү жандар”  чыгармасындагыга  окшош өлүү жандарды Кыргызстандан, Чек ара жана Каттоо кызматтарынан Улуттук Коопсуздук комитети  таап чыкты.

Шумдугуң кургур, Гоголдун аталган чыгармасындагы Чичиковдун ролун ойногон каармандар биздин мамлекеттик структурага да кирип алышканын кара! Чек ара кызматында, Каттоо кызматындагы андайлар  аныкталып отурат.

Улуттук коопсуздук комитети Кыргызстандын чек арасынан бейиши болгур маркумдар ары-бери өтүп жүргөнүн аныктаган. Буга таң калып, арбактар ары-бери чет өлкөгө каттап калганбы деп чочулабаңыздар ! Ал Чек ара кызматындагы чичиковдордун колунан келген эле кылмыштуу иш экен. Көрсө, кадим эле Чичиковго окшоп, өлүү жандардан киреше алууну көздөп, биздин мамлекеттик структурадагы шылуундар чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстанда каза болуп калган кишилердин паспорттук маалыматынын негизинде  чет өлкөлүк паспорт берип, чек арадан ары-бери өткөрүп турганы аныкталган.

Бир эле мисалды айтсак, Каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык актыларды каттоо Департаментинин чичиковдору маркум Д.Г. нын паспортунун негизинде чет өлкөлүк паспорт берген.  Маркум  Д.Г нын атынан белгисиз киши чет өлкөгө каттап турганы белгилүү болгон.

2018-жылдын башынан бери андай 10 кылмыш иши козголгон. Кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кызматтык алдоо жана чек ара кызматынын эрежелерин бузуу деген беренелер менен кылмыш иши козголгон.

Бир эле мисалды айтсак, Каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык актыларды каттоо Департаментинин чичиковдору маркум Д.Г. нын паспортунун негизинде чет өлкөлүк паспорт берген.  Маркум  Д.Г нын атынан белгисиз киши чет өлкөгө каттап турганы аныкталган.

Айжан Айтышева       

Сүрөт: Гоголдун чыгармасына карата иллюстрациялык сүрөт пайдаланылды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты