УКМК Кулматов боюнча суроого жооп узатты

УКМК Кулматов боюнча суроого жооп узатты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети парламенттик комитетте ЖК депутаты Данияр Аттокуровдун экс мэр Кубанычбек Кулматовдун Калыс-Ордодогу мектептин курулушу боюнча камалышы боюнча айткандарына жооп берди.
«Кулматов 2014-жылы ЖЭБди модернизациялоонун алкагында Ош жана Чүй облустарына мектеп курууга бөлүнгөн 2 миллион долларды Бишкектин Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектепке жумшагандыгы жана куруучу компанияны сынаксыз тандап алгандыгы аныкталган. Андан сырткары мектептин курулушун аякташ үчүн ал шаардык бюджеттен үчүнчү курулуш компаниясына дагы 100 миллион сом бөлгөн. Натыйжада Калыс-Ордодогу 660 орундуу мектеп 266 миллион сомго курулган. Мисалга, Ак-Ордо конушундагы 1000 орундук мектеп ошондой эле инфраструктурасы менен 245 миллион долларга курулган, ал эми Аламүдүн районундагы 750 окуучуга ылайык мектеп 154 миллион сомго курулган» деп жооп Улуттук коопсуздук комитети.
Ал эми кечээ, 2-октябрда, депутат Данияр Аттокуров Кубанычбек Кулматовду мектеп курулушунда эки миллион долларды туура эмес сарптады деп камап салганын айткан эле.
— Гүлмира Каримовна (-Кудайбердиева-Билим берүү жана илим министри-ред.) айтып кетти, Калыс-Ордодо 1600 бала окуп жатат татынакай эле деп. Ошол эле учурда ал мектепке байланыштуу Кубанычбек Кулматовду камап салды, эки миллион долларды туура эмес сарптаган деп. Муну кандай түшүнсө болот?” деген Аттокуров

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты