Жаратылыш байлыгына жаңыча мамиле керек

Жаратылыш байлыгына жаңыча мамиле керек

Бүгүн, 3-октябрда, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жер казнасын пайдалануу боюнча кеңешме өткөрдү. Бир жумада жаратылыш ресурстарын башкаруунун жаңы механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды.

Өкмөт башчы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовдун жер казнасы объектилерин пайдалануу укугуна сынак өткөрүү жана лицензиялаштыруу, тармакты реформалоо маалыматын укту. Бүгүнкү күндө мурда берилген лицензияларды инвентаризациялоо жүрүүдө.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, жер казнасын башкаруу жана кендерди лицензиялаштыруу тармагындагы түзүлгөн абал кескин жаңы чараларды талап кылат.

Өлкөдөн чыгарылып жаткан баалуу металлдар камтылган сырьелорду милдеттүү түрдө каттоо аркылуу ага көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

Жер казнасы боюнча заманбап лаборатория түзүү, зер буюмдар тармагын өнүктрүү боюнча чаралардын зарылдыгын белгиледи.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты