«Кумтор Голд Компани» жаңы имаратка көчүүсүнүн себебин түшүндүрдү

  • 2 года мурун

«Кумтор Голд Компани» жаңы имаратка көчүп барганынын себебин түшүндүрүп, баасы тууралуу айтылып жаткан сындарга жооп берди. Билдирүү ишкананын расмий сайтына 16-июнда жарыяланды.

Билдирүүдө Кумтөр кенин башкарган «Улуу көчмөндөр мурасы» Улуттук холдинги» толук кандуу иштеп баштагандан бери «Учкун» имаратындагы кеңсеге кызматкерлер батпай жаңы имаратка көчүү зарылчылыгы жаралганы айтылат. Ага кошумча «Учкунда» шарттар дагы начар болгон.

«Кумтөр голд компани» ЖАКы өткөн кылымдын 80-жылдары эле тургузулган «Учкундун» имаратындагы кеңсе үчүн ижарага 27 миң доллар төлөп келген. Башкача айтканда, лифттери улам иштебей, электр жарыгы менен жылытуу дайыма үзгүлтүккө учурап, желдетүү системасы начар жүргүзүлгөн имарат компанияга айына 2 миллион сомдон ашык чыгым алып келип турган», — деп жазылат билдирүүдө.

Ишкана Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаевдин жаңы имараттын ижара акысы чарчы метрине 20 доллар турат деген маалыматын четке кагып, ижара акысы боюнча соңку келишим түзүлө элек экенин, учурда арзан баада алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

«Компания саясатчыларды «Кумтөрдүн» арты менен өзүнө имидж жасабоого жана коомчулукту такталбаган маалымат менен адаштырбоого чакырат», — деп жазылат билдирүүдө.

Жогорку Кеңеште эки күн катары менен Кумтөр кенин башкарган “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги ижарага алган имаратка байланыштуу маселе көтөрүлдү. «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан депутат Жеңишбек Токторбеков парламентте холдингдин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк кымбат кеңсеге көчүп барганын сынга алды.

Ал 16-июндагы сессияда Кумтөр кенин башкарган мамлекеттик компания Бишкектин так ортосунда, Ак үйдүн маңдайындагы ижара акысы кымбат менчик кеңсеге көчүп барганын дагы бир жолу айыптады.

«Тенгиз Бөлтүрүк өзүн хан сезип алды. Урматтуу Тенгиз Бөлтүрүк, мыйзамдын алдында баары бирдей. Убакыт барда эсиңизге келиңиз. Элдин акчасын ары-бери чачканга сизге ким укук берди? Бул элдин акчасы. Эгер токтотпосоңуз сиз жакында түрмөгө отурушуңуз мүмкүн. Холдингди сызга отургузуп туруп качып кетишиңиз мүмкүн. Кечээ мен кайрылуу жасагандан кийин алар аны расмий түрдө жокко чыгарган билдирүү таратышты. Мен анда Кумтөр 1600 чарчы метр алыптыр дегем, алар 5 миң чарчы метр кеңсе алдык деп жатат. Шаардын так борборунда бир чарчы метр 20 доллар турат. Айына 100 миң доллар ижара акы төлөйт. 12% кошумча нарк салыгы да бар. Андан сырткары 5 миң доллардык коммуналдык кызматы бар. Ошондо жалпысынан ижара үчүн бир айда 120 миң доллардай төлөп жатат. Аны сомго которгондо 10 миллион сом төлөп жатпайбы».

Депутат мындан улам президенттин парламенттеги өкүлүнө, спикерге кайрылып, улуттук холдинг мамлекеттик имаратта калышы керектигин билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты