Быйыл окуу жылы 1-сентябрда башталат

  • 2 года мурун

Кыргызстанда окуу жылы кайрадан 1-сентябрда баштала турган болду. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Жогорку Кеңештин 16-июнундагы жыйынында аталган маселе боюнча токтом долбоору даярдалып жатканын билдирди.

«Бул маселе боюнча мугалимдер, ата-энелер жана коомчулук арасында сурамжылоолор жүрдү. Көрсөткүч окуу жылын 1-сентябрдан баштоо жөнүндө жүрүп жатат. Андыктан бул маселе боюнча токтом долбоору Министрлер кабинетине эртең кирет. Бир же эки жуманын ичинде кабыл алынат», — деди министр.

2021-2022-окуу жылы өлкөдөгү эпидемиялогиялык абалга байланыштуу адаттагыдан кечирээк — 15-сентябрда башталып, 9-июнда аяктаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты