Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен жолукту

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматы шаарында өтүп жаткан Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча аймактык саммитинин алкагында Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын, кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынынын жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкууланды.

Акылбек Жапаров эки өлкө арасындагы соода саясатын кайрадан карап чыгып, соода жана жүк транзити тармагында болуп жаткан маселелерди чечүү керектигин белгиледи.

«Биздин өлкөлөрдүн ортосунда товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин кыймылы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү өтө маанилүү», — деди Жапаров.

Мындан тышкары ал «Ак-Тилек» жана «Карасу» автожол постторунун аймагында курулчу Индустриалдык соода-логистикалык комплексин куруу маселеси боюнча ченемдик укуктук базаны күчөтүлгөн режимде иштеп чыгуу зарыл экенин айтты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты