Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүн иликтеген комиссия ишин жыйынтыктады

  • 2 года мурун

Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча түзүлгөн комиссия ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Комиссия Бейшеналиевдин COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүү боюнча улуттук планды ишке ашыруудагы, коронавируска каршы вакциналарды сатып алуудагы ишмердүүлүгү жана 2021-жылы чет өлкөлөрдөн келген вакцина түрүндөгү гуманитардык жардамдар боюнча иликтөө жүргүздү. Мындан тышкары Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги иш кагаздарынын жүргүзүлүшү жана кадрлар боюнча иштер дагы иликтенген.

Администрация тараткан маалыматта комиссия иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кандай чечимдер кабыл алынганы айтылган эмес.

Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда жемкорлукка шектелип кармалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш ишин козгогон. «Коррупция» беренеси боюнча бир кылмыш иши, «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, атайылап пайдасыз келишим түзүү» беренеси боюнча төрт кылмыш иши, «Опузалап пара талап кылуу» беренечи боюнча эки кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаардык соту 16-июнда Бейшеналиевди үй камагына чыгарды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты