Мавлян Аскарбеков аким орун басары болду

Өзү айтмакчы, “бир жарым жылдык саясий куугунтуктан кийин” «Эркин эл» партиясынын лидери Мавлян Аскарбековдун кылмыш ишин  кыскартуу чечими Жогорку сот тарабынан күчүндө калтырылды. Ушул эле күнү Мавлян Аскарбеков Бишкектин Биринчи Май районунун акиминин орун басары болуп дайындалды.  

Мавлян Аскарбеков аким орун басары болду

 

Өзү айтмакчы, “бир жарым жылдык саясий куугунтуктан кийин” «Эркин эл» партиясынын лидери Мавлян Аскарбековдун кылмыш ишин  кыскартуу чечими Жогорку сот тарабынан күчүндө калтырылды.

Бүгүн, 2-октябрда,  Жогорку сот «Эркин эл» саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбековдун ишин кыскартуу жөнүндө чечимди күчүндө калтырды.

Буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту М. Аскарбековду күнөөлүү деп таап, мамлекетке 50 миң сом төлөөгө милдеттендирген.

Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы 13-июлда Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүп, айыппулду жана чет жактарга чыгуусуна тыюу салган чечимди жойгон. Ошол эле кезде райондук сот тарабынан аны күнөөлүү делген чечим күчүндө калтырылган.

Башкы прокуратура М. Аскарбековго Кылмыш кодексинин 297-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга үндөө”) менен кылмыш ишин козгогон. Ал 2017-жылдын 16-январындагы авиакырсыктан жапа чеккен Дача СУ жана Учкун-2 конуштарынын тургундары менен жолугушууда “бийликти басып алууга чакырган” деп айыпталган болчу.

Эми ал Бишкектин Биринчи Май районунун акиминин орун басары болуп дайындалды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты