Жол департамент кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Жол департамент кызматкерлерине кылмыш иши козголдуБашкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 2-октябрда, билдиргендей, Башкы прокуратура Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголгондугун билдирди.    

Жол чарба департаментинин айрым кызматкерлерине Кылмыш кодексинин 304-беренесинин негизинде кылмыш абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана  алдамчылык (166-берене) боюнча кылмыш иши козголду.

Коррупцияга каршы кызмат менен биргеликте Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду жолун реконструкциялоо учурунда «Л.Х.» жоопкерчилиги чектелген коомунун дренаж конструкциясын курууда мыйзам бузуулары аныкталган. Конструкция орнотууда бышык цементтин ордуна кадимки цемент пайдаланылган. Бирок баасы бышык цемент катары эсептелген Ал эми кийин ал тез иштен чыгаары менен жолчулардын иши болгон эмес.

Кылмыш ишин иликтөө тиешелүү органдарга тапшырылды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты