Саламаттык сактоо министрлиги бирдиктүү iMed мобилдик тиркемесин ишке киргизди

  • 2 года мурун

Саламаттык сактоо министрлиги «Санарип MED» долбоорунун алкагында iMed мобилдик тиркемесин ишке киргизди.

Мекемеден билдиришкендей, iMed мобилдик тиркемеси Кыргызстандын жарандарына кызматтарды аралыктан пайдалануу жана медициналык документтерди бирдиктүү тиркеме аркылуу алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Тиркеме Электрондук саламаттыкты сактоо борбору тарабынан иштелип чыккан.

Учурда мобилдик тиркемеде төмөнкү функциялар бар:

1. COVID-19га каршы эмдөө сертификатын алуу;

2. Лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжаларын алуу (COVID-19 жана башка анализдер үчүн);

3. КР Саламаттык сактоо министрлигинин Telegram ботун колдонуу;

4. «Оорулардын эл аралык классификациясы» медициналык адистер үчүн колдонмо;

5. Бирдиктүү идентификациялык система аркылуу авторизациялоо аркылуу Санариптик ден соолук профилине жеке жетүү мүмкүнчүлүгүн алуу (булуттун негизиндеги цифралык кол тамгасы бар жарандар үчүн).

Тиркеме учурда Android колдонуучулары үчүн жеткиликтүү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты