Лунара Мамытовадан пенсионерлерге «саякат кеңеши”

КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова  ансыз да эптеп өлбөстүн күнүн көрүп жаткан кыргызстандык пенсионерлерди чет өлкөгө саякаттоого чакырып, элдин оозун ачырды.

Карылар күнүнүн алдында, 30- сентябрда, Твиттер социалдык түйүнүнө кыргызстандык пенсионерлерди саясаттоого чакырып,элдин оозун аябагандай ачырды. Министрдин орун басары минтип жазды:

https://www.instagram.com/p/BoW607bnAVn/?utm_source=ig_share_sheet&igshid=17jvhe1uxv4md

Мындай сунушту сүт оозунан кете элек жаш бала эмес,  Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары жазып жатат. Министрдин орун басары Кыргызстандагы пенсионерлердин пенсиясы канча сом экенин билбейт турбайбы! Өп-чап пенсия алып, эптеп жашап жаткан пенсионерлерибиз кантип чет өлкөлөргө саякатка чыксын!

 

Лунара Мамытованын жазгандарына социалдык түйүндөрдө жооп жазышууда. Твиттерде минтип жазышканын окууга болот:

@TengryBird: «Өз ата-энеме барып, кубанычтуу жаңылыкты айтайын. Болбосо, алар тамак ичпей-жебей,   дары-дармек албай, коммуналдык төлөмдөрдү төлөбөй коюуга болорун жана 4-5 миң сом пенсиясынан  6-7 миң сомду чогулта берүүгө болорун жана х жылдардан кийин чет өлкөгө саякатка барууга болорун билишчү эмес.»

https://twitter.com/tengrybird/status/1046647246039773184?s=12

@ioanslov: «Раматылык менин энем, советтер учурунда советтердин баарын кыдырды эле, ал эми пенсияга чыкканда советтердин бирине да барбай, Гоа менен Парижде эле жүрчү. “Мен Лунара Мамытованын схемасы менен жашайм, кыргыздын пенсиясы дээрлик бул бейиш, дүйнөнү кыдыр!” дечү эле.»

@kakanaess: «Кыргызстандын пенсионери өз пенсиясына дүйнөнү кыдырып кетти»

https://twitter.com/kakanaess/status/1046667585926967296?s=12

@GulyaAlmambet: «Менин апам онду төрөп, 17 баланы тарбиялап, 4300 сом пенсия алып, тамактануучу бөлмөдөн уктоочу бөлмөнү кыдырып жүрөт, уктоочу бөлмөдөн жуунуучу бөлмөгө кетет, ал ушундай ченде жок саякатчы»

@beatrixxxkidddo: «О кудай, мен бул өлкөдөгү келечегиме кайгырып жүрсөм, арзыбаган тыйынга иштеп, 5 миң сом пенсия алат экенмин, анда да чогултуп, саякатка чыгат экенмин, Алга Кыргызстан! Лунара Мамытова, бар экениңе рахмат»

https://twitter.com/beatrixxxkidddo/status/1046676408066613248?s=12

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты