Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү анын толук кандуу дарылоодон өтүүсүн камсыздоо ниетин билдирди

  • 2 года мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү медициналык кароонун жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Билдирүүнү 13-июнда «Социал-демократтар» партиясы таратты.

Анда камакта отурган 3 жылдын ичинде Атамбаевдин ден-соолугу «кескин начарлап» кеткени айтылат.

«2018-жылы компьютердик томографиядан өткөндө жүрөгү жана артериялары соо болсо, азыркы анализ жүрөктүн коронардык оорусун, стенокардия, күрөө тамыр жана аорта атеросклорозун көрсөтүп жатат», — деп жазылат билдирүүдө.

Мындан сырткары магниттик-резонанстык томография (МТР) үч протрузия жана омуртка грыжасы бар экенин аныктаган. Атамбаевдин үй-бүлөсү муну ушул жылдын 23-мартындагы жаза аткаруу кызматкерлеринин мурдагы президентке жасаган орой мамилесинин жыйынтыгы деп эсептейт.

«23-марттан кийин экс-президенттин абалы кескин начарлап кетти, белдеги оорусу кыйла күчөдү. МРТнын жыйынтыктары жаза аткаруу кызматкерлери Атамбаевдин омурткасына олуттуу зыян келтиргенин тастыктап жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Атамбаевдин үй-бүлөсү анын толук дарылоо курсунан, бардык керектүү процедуралардан өтүүсүн жана операция жасатуусун камсыздоону көздөп жатканын билдирди.

25-майда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев №27 колониядан Улуттук кардиология борборуна которулган. Андан бир ай мурун сот жактоочулардын Атамбаевди медициналык кароодон өткөрүү тууралуу өтүнүчүн канааттандырган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты