Эгизбаевдин «Эрдик» медалы ата-энесине тапшырылды

Эгизбаевдин "Эрдик" медалы ата-энесине тапшырылды

 

Журналист Уланбек Эгизбаев ушул жылдын 30-августунда мамлекет башчынын жарлыгы менен “Эрдик” медалы менен (каза болгондон кийин) сыйланган. Медалды Президент Сооронбай Жээнбеков Эгизбаевдин ата-энесине бүгүн, 1-октябрда, тапшырды.  

Президент Сооронбай Жээнбеков Уланбек Эгизбаев өлкөбүздүн чыныгы мекенчил жаштарынын алдыңкы катарында болгонун, коомдогу терс көрүнүштөргө каршы күрөшкөнүн  баса белгиледи. «Уланбек уулубуз коррупцияга каршы күрөштө мамлекеттик саясатты активдүү колдогон», — деп белгилеп, анын журналисттик иликтөөлөрү өзгөчө көңүл бурууну талап кылаарын кошумчалады.
Журналисттин атасы Токтосун Калиев жана апасы Жыпаркүл Сариева алардын кайгысын бөлүшүп, көңүл бурган мамлекет башчы С. Жээнбековго жана бардык кыргызстандыктарга ыраазылык билдирди.

«Уулубуздан айрылган алгачкы күндөрдөн тартып көңүл бөлүп, колдоп, бизди кайраттандырып келесиздер»,- деди журналисттин ата-энеси.
Эгизбаев иштеген “Азаттык” медиа мекемесинин башкы редактору Бурулкан Сарыгулова   Уланбек Эгизбаев атындагы иликтөө журналистикасы Фонду түзүлгөнүн жана ал уюм журналисттерди окутуу менен алектенерин айтты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты