Жылдыз Бакашова Тарых музейинин директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары Жылдыз Бакашова Кыргыз улуттук тарых музейинин директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу 24.kg басылмасы өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Бакашова бул кызматка 9-июнда дайындалган.

Тарых музейинин директорунун милдетин аткарып жаткан Гүлбара Абдыкалыкова кызматынан музейди 2020-жылдын 20-ноябрына чейин жетектеген Кеңешбек Алмакүчүковго карата соттук териштирүү аяктаганына байланыштуу бошотулган.

Жылдыз Бакашова Тарых музейинин директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды #60777
Жылдыз Бакашова Тарых музейинин директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды #60778
Жылдыз Бакашова Тарых музейинин директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды #60777 (preview)Жылдыз Бакашова Тарых музейинин директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды #60778 (preview)

Музейдин эмгек жамааты Кеңешбек Алмакүчүков соттук териштирүү аяктагандан кийин кайра кызматына кайтып келиши керек экенин айтышууда.

«Бирок министр экинчи инстанциядагы коллегиянын актоо жөнүндөгү чечимине карабастан, аны аткарбай жатат. Кадр маселеси боюнча жогору жактагылар менен макулдашканын айтууда», — деп билдиришкен чукул жыйынга чогулгандар.

Министрлик бул боюнча комментарий бере элек.

Кеңешбек Алмакүчүков 2018-жылы тендер маселесине байланыштуу ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кызматтан бошотулган. 2022-жылдын 18-майында Бишкек шаардык соту Алмакүчүковду актаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты