Майрамкан Абылкасымова: «Чөнтөгүбүзгө куурулган жүгөрү, буудай сала келип”

“Москвага, Дубосеково разъездине барганым эсимден кетпейт”

Майрамкан Абылкасымова: «Чөнтөгүбүзгө куурулган жүгөрү, буудай сала келип”—Көптөгөн жерлерди кыдырып, эстен кеткис далай-далай таасирлерге ээ болдум. Бирок ошолордун арасынан 1968-жылы, Москва алдындагы, “Дубосеково разъезди” деп аталган жердеги баатыр уулубуз Дүйшөнкул Шопоковго жана кыргызстандык 27 баатыр-панфиловчуларга эстелик тургузуу аземине жөнөтүлгөн комсомолдук топко кошулуп барганым, ал жактан алган таасирлерим эч убакта эсимден кетпейт. Кыргыз

Майрамкан Абылкасымова: «Чөнтөгүбүзгө куурулган жүгөрү, буудай сала келип”

Дубосеководогу баатыр-панфиловчуларга арналган мемориал.

жергесинен алынып барган бир ууч топурактын бейитине чачылганын көрдүм, Тянь-Шань тоолорунун балатыларын ал жакка тигүү аземине катыштым. Эстелик ачылуу жыйынында сүйлөгөн орус кыз тегереги токой жана суу менен курчалган жерде салгылашып жаткан ошол жоокерлерге суу менен нан жеткиргени тууралуу айтып берди. Дүйшөнкул Шопоков бир күнү ал кызга “бир бөтөлкө суу, 1-2 бөтөлкө керосин алып келип бер, танканын алдында калып өлсөк да, керосинди чачып, танканы талкалайлы. Мен шинелиме аты-жөнүмдү жазып коем, сөөгүмдү окопко көөмп кой” деп ага тапшырган экен. “Мен кийин Дүйшөнкулдун керээзин аткаргам” деп ал кыз айтканда, көзүмдөн жаш мончоктоп куюлган. Баатырдык менен курман болгон кезде Дүйшөнкул болгону 20 жаштардагы  жигит эле да, быйыл болсо анын 100 жылдыгы.

Дубосеководогу таасирден улам “Эстелик сүйлөйт” деген поэма жазгам. Ал чыгарма Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болуп, Чыңгыз Айтматов “Комсомольская правда” гезитине мен тууралуу мактап, макала жазган. Дубосекового барганым бир тең болсо, бала чагымда согуштун каатчылык күндөрүн көрүп калганым да кошумча таасир берди окшойт. Согушту, согуштан кийинки мезгилди кантип унуталы. Мектепке келээрде үйдөн ичкен тамагыбыз жарма эле болчу. Эгерде кимдир-бирөө сабакка келатканда чөнтөгүнө куурулган буудай же жүгөрү сала келсе, баарыбыз алакан тосуп сурап калабыз, ал кургур саналуу буудайын баарына тегиз бөлүштүрүп берер эле. Мектептен кийин кайра жарма ичип алып, кызылча отоого жөнөйбүз. Бир убак согушка катышкандардын үй-бүлөлөрүнө жардам берип, огородун сугарып, отунун жарып берчүбүз. Кыйынчылыкты көрүп, эмгек менен эриш-аркак чоңоюп, баарыбыз боорукер болуп өстүк. Азыркы замандын балдарына эмне жетишпейт десе, боорукерлик жана кара жумуштан да качпаган эмгекчилдик сапаттары жетишпей жатат деп айтаар элем.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты