УКМК: «Достук» чек ара өткөрмө бекетинин кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Ош облусундагы кыргыз-өзбек «Достук» чек ара өткөрмө бекетинин кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улутук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Достук” көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагында системалуу түрдө мыйзамсыз акча талап кылуу фактысы боюнча чек ара бекетинин кызматкерлери А.Д.М., Д.М.Т., Х.Р.Р., Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Транспорттогу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун түштүк аймагы боюнча башкы дарыгеринин орун басарынын милдетин аткаруучу Н.С.Т., “Достук” санитардык карантин пунктунун мурдагы башчысы А.З.Ж. жана аларга ортомчулук кылган С.А.Ж., А.Б.Т. кармалды.

Ош шаардык соту кармалгандарды 24-июнга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Учурда ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты