“Коопсуз шаарды” уткан компания «кара тизмеге» илинди

“Коопсуз шаарды” уткан компания "кара тизмеге" илиндиОшентип “Коопсуз шаар” долбоорун Орусиянын “Вега» радиокуруу концерни ишке ашыра турган болду. Учурда бул компания менен келишим түзүү аракеттери жүрүп жатат. Бирок ошол эле кезде бул компания АКШнын санкциясына кабылганы талаш маселелерди жаратты. Адистер чет элдик компанияга долбоорду берүү менен маалыматтык коопсуздук коркунучта калганын эскертти.
“Кара тизмедеги” компания

Дээрлик алты-жети жылдан бери өкмөттүн баш оорусуна айланган мурдагы “Акылдуу шаар”, азыркы “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашарына үмүт жандангандай болду.

Өкмөт акыркы аукциондон утуп чыккан Орусиянын “Вега” радиокуруу концерни” компаниясы тендердин кийинки этаптарынан да ийгиликтүү өткөнүн айтып, ал толук жеңүүчү деп таанылганын жарыялады.

Эми компания кыргыз тараптын тиешелүү мекемеси менен келишим түзсө эле долбоорду ишке ашыруу башталганы турат. Маалымат технологиясы жана байланыш комитетинин маалымат катчысы Зирек Асанова бул жааттагы соңку жаңылыктар менен бөлүштү:

— Тендердин биринчи баскычынан өткөндөн кийин “Вега” радиокуруу концерни” компаниясы техникалык жана квалификациялык дал келүүчүлүк боюнча татыктуу деп табылды. Бул боюнча комиссиянын чечими чыкты. Кошумча аудиттик текшерүү да жүрдү. Учурда келишим түзүүгө аракеттер жүрүп жатат. Келишим кабыл алынгандан кийин тиешелүү иш-пландар бекитилип, аталган компания алгачкы иши катары жабдууларды орнотууну баштайт. Акыркы жолу өкмөттүн кеңешмесинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев зарыл процедураларды кыска мөөнөттө аяктоону жана долбоорду ишке киргизүүгө зарыл ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну тездетүүнү тапшырган. Бул боюнча иштер жүрүп жатат, буюрса жакын арада иш башталат.

“Коопсуз шаарды” ишке ашырууга тендерде 2 млрд. 320 млн. сом коюлган болсо, орусиялык компания аны 1 млрд. 195 млн. сомго аткарып бермекчи болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты