Ош мэриясында мыйзамсыз батир бөлүштүрүлгөнү аныкталды

Ош мэриясында мыйзамсыз батир бөлүштүрүлгөнү аныкталдыОш шаарында майыптарга бериле турган батир мыйзамсыз бөлүштүрүлгөнү аныкталды. Атайын кызмат 1-октябрда билдиргендей, 2017-жылы Анар кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн берилген батир ээлеринин сегизинде тийиштүү документтер жасалма болуп чыккан.

32 адам батир алганга чейин Оштун башка райондорунда, Жалал-Абадда жана Бишкекте жашаганы такталды. Андан тышкары, Кыргызстандын Турак жай кодексиндеги 44-беренеге ылайык, “батирлер I жана II топтогу майыптарга кезексиз берилет” деген эрежеге карабай, III топтогу майып тогуз киши да үй алганы аныкталган.

Мыйзамсыз батир бөлүштүрүүнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматы мурда козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзгөн териштирүүгө ылайык ашкере кылды. Расмий маалыматта Ош мэриясынын жана турак жай, тиричилик комиссиясынын жооптуу адамдары жең ичинен иш бүтүргөн деп кылмыш иши ачылганы айтылат.

Бул фактынын негизинде Ош шаардык прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренеси менен кылмыш ишин ачып, тергөө башталды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты