Кыргызстандык окуучу “Өз мекениң жөнүндө дүйнөгө айтып бер” эл аралык сынагында 1-орунду жеңип алды

  • 2 года мурун

Бишкектеги №62 мектеп-гимназиясынын окуучу Татьяна Иванова “Өз мекениң жөнүндө дүйнөгө айтып бер” эл аралык сынагында видеороликтер номинациясы боюнча 1-орунду жеңип алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Самара Умралиева жеңүүчү Татьяна Ивановага грамота, сертификат жана белектерди тапшырды.

Министрликтен билдиришкендей, сынак “Балдарды жана жаштарды өнүктүрүүнүн инновациялык борбору” автономдуу коммерциялык эмес уюму тарабынан уюштурулган. Бул жылы сынакка Орусиянын 79 регионунан жана дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн 1122 адам катышкан. Кыргызстандан аталган сынакка 20дан ашык окуучу өз эмгектерин жөнөткөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты