«Мен корко турган адам эмесмин». Жапаров Атамбаевдин тарапташтарына жооп берди

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Би-Би-Синин Кыргыз кызматына курган маегинде мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн карылар үйү кылуу себебин түшүндүрүп, ага нааразы болгон тараптарга жооп берди.

«Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү эмне үчүн карыларга берилгенинин себеби, карыларыбыз калган өмүрүн ошол жерде таза абада, таза суу ичип өткөрүшсүн деген ниет болду«, — деп билдирди өлкө башчысы.

Жапаров Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү экс-президент Сооронбай Жээнбековдун убагында эле конфискацияланганын, ошондон бери кыймылсыз турганын белгилеген.

«Түбөлүк каралбай жаткыча карылар менен балдар үчүн пайдалуу иш жасап коелу деп курулуш иштерин баштап жатабыз. Ал эми коркутуу аралаш кайрылуу жасаган Атамбаевдин тарапташтарына төмөнкүчө жооп берет элем. Мен корко турган адам эмесмин. Коркуу сезиминен эбак эле өтүп, керек болсо бир өлүп, кайра тирилип келген адаммын. Эгер мен Атамбаевге окшоп уурдап, президент боло калып эки жыл өтпөй мультимиллиардер болуп калсам, коркутса болот эле. Менин корко турган эч бир терс иштерим жок. Ошондуктан жөнү жок башаламандык кылам дегендерди башынан сылабайбыз. Жаза катуу болот. Кландашып кеткен жерим жок. Ким мамлекет үчүн иштебей жатса, кызматтан кетип атышат. Ким уурдап атса, камалып, уурдаганын жүз эсе кайтарып берип, бошонуп чыгып атышат. Мен кландык башкарууга, мамлекеттин мүлкүн талап-тоноого жол бербеймин. Ага күчүм да, духум да жетет«.

2011-2017-жылдары президент болгон Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы резиденциясын карылар үйү кылуу пландалууда. Анын үйүнүн айланасында талаш чыккан.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйү соттун чечими менен мыйзам чегинде мамлекетке өткөнүн билдирген. Ал эми Атамбаевдин адвокаттары менен жакындары соттун чечими жок экенин айтып келишет. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты