Депутат 18-20 жаштагы кыздарды чет өлкөгө ата-энеси менен чыгарууну сунуштады

  • 2 года мурун

Депутат Шайлообек Атазов 18-20 жаштагы кыздарга чет өлкөгө ата-энеси менен же турмушка чыккандан кийин чыгууга уруксат берүүнү сунуштады. Ал мындай пикирин Жогорку Кеңештин 9-июндагы жыйынында билдирди.

«Миграция боюнча маселелер абдан көп. 18-20 жаштагы кыздарыбызды чек өлкөгө ата-энелери менен чыгарсак, турмушка чыккандан кийин чыкса… Же болбосо ушул багытта Миграция кызматы комитетке келип, маалымат берсин», — деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, мындай сунуштар парламентте буга чейин дагы айтылып келген. 2013-жылы ошол кездеги депутат Ыргал Кадыралиева 23 жашка толо элек кыздарга чет өлкөгө чыгууга чектөө киргизүүнү сунуштаган. Ал ата-энесинин уруксатысыз кыздарга чет өлкөгө иштегенге кетүүгө тыюу салуу керектигин айткан. Ошондой эле сунуш экс-депутат Турсунбай Бакир уулунан дагы түшкөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты