Чек ара чырында жараат алган аскер кызматкерлери менен аларга жардам көрсөткөн дарыгерлер сыйланды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы чыр-чатактын жүрүшүндө жараат алган аскер кызматкерлерин жана аларга жардам көрсөткөн дарыгерлерди сыйлады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, «КР Улуттук коопсуздук органдарына 100 жыл» юбилейлик медалы менен төмөнкүлөр сыйланды:

  • Акимжан Таштанов, №99718 аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары;
  • Чынарбек Аманбаев, Генералдык штабдын Учуу коопсуздугу боюнча инспекциясынын башчысы;
  • Нурсултан Жунусов, №23565 аскер бөлүгүнүн авиациялык транспорт эскадрильясынын командири;
  • Жылдыз Деркенбаева, Саламаттык сактоо министрлигинин №1 анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы;
  • Токтобай Маанаев, Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын башкы дарыгери.

«Кызматташтык үчүн» төш белгиси менен:

  • Эсенбек Бейшенов, №23565 аскер бөлүгүнүн АН-26 даражасындагы авиациялык транспорттук эскадрильясынын улук борттехник-инструктору;
  • Мелисбек Абдылдаев, №23565 аскер бөлүгүнүн АН-26 даражасындагы авиациялык транспорттук эскадрильясынын борттехник-инструктору;
  • Дастанбек Урамов, №23565 аскер бөлүгүнүн АН-26 даражасындагы авиациялык транспорттук эскадрильясынын кораблинин командиринин жардамчысы;
  • Нуржигит Нургазиев, №23565 аскер бөлүгүнүн медициналык кызматынын башчысы;
  • Ырыскелди Талантбеков, №23565 аскер бөлүгүнүн АН-26 даражасындагы авиациялык транспорттук эскадрильясынын радиооператор-инструктору;
  • Гүлбара Кабулова, Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын №1 анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн дарыгери;
  • Алмаз Тентимишев, Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын көкүрөк хирургиясы бөлүмүнүн дарыгери;
  • Алмаз Кыдырбаев, Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын тамыр хирургиясы бөлүмүнүн дарыгери;
  • Ислам Апсатаров, Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын тамыр хирургиясы бөлүмүнүн дарыгери;
  • Сүйүн Ажибеков, Саламаттык сактоо министрлигинин хирургиялык гастроэнтерология жана эндокринология кафедрасынын доктору;
  • Алмаз Мамышов, Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын ириңдүү хирургия бөлүмүнүн дарыгери;
  • Дөлөс Муратов, Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын №2 нейротравматология бөлүмүнүн врачы;
  • Марат Каныбеков, Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын тез жардам бөлүмүнүн дарыгери;
  • Кудайберди Жаныкулов, Баткен облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы;
  • Таалайбек Сооров, Баткен облустук бириккен ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн хирургу;
  • Рустам Хусейнов, Баткен облустук бириккен ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы;
  • Сапарбай Сатыбалдиев, Баткен облустук бириккен ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн анестезиолог-реаниматологу;
  • Бакытбек Бакиров, Баткен облустук бириккен ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн анестезиолог-реаниматологу.
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты