Мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өтүп жатат

  • 2 года мурун

Бүгүн, 9-июнда Кыргызстандын мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өтүп жатат.

Билим берүү жана илим министрлиги мектептеги салтанаттан кийин кафе-ресторандарда, парктарда майрам уюштурууга, жаратылышка чыгууга тыюу салынарын эскерткен.

Бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы окуу процесси кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлүүчү жалпы билим берүү мекемелеринде 9-класстар үчүн 11-22-июнда, 11-класстар үчүн 11-23-июнда уюштурулат. Алар математика, эне тили, кыргыз тили, Кыргызстандын тарыхы сабактарынан экзамен тапшырышат.

Жылда тогузунчу жана он биринчи класстарды Кыргызстан боюнча 150 миңдей улан-кыз аяктайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты