«Белизгейт» кайрадан иликтенет

"Белизгейт" кайрадан иликтенет«Белизгейт» жаңжалы Жогорку Кеңеште талкууга алынып, прокуратура тарабынан кайрадан иликтене турган болду. Башкы прокуратура токтоп калган териштирүүнү улантып, укуктук баа берүүнү көздөп жатканын билдирди.

Мындан эки жыл мурда да парламентте дал ушул өлкөнүн аталышы аталып, анда «Ата Мекен» партиясынын үч депутаты Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова баш каарман болгон эле. Ал кездеги УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев Белизден келди деген документке таянып, үч саясатчы «Альфа Телеком» компаниясынын акцияларын сатууга ниеттенген деп жарыялаган.

Анткен менен Белизден келди делген документтин көчүрмөсү Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн экен. Анын негизинде Башкы көзөмөл органы териштирүү баштап, бирок быйыл июль айында токтотуп койгон.

Эми «Белизгейттин» жаңы жагдайлары белгилүү болгондон кийин иш кайрадан териштирилип жатканын башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Дүйшөмбиев билдирди.

Бирок бул ирет парламентте “атамекеменчи” саясатчыларга караганда Абдил Сегизбаевдинысымы көп аталды.

Буга УКМКнын учурдагы жетекчилигинин «Альфа Телеком» компаниясы боюнча Белизден эч кандай расмий документ келбегенин ачык жарыялаганы себеп болду.

Аталган комитеттин төрагасы Идрис Кадыркуловдун айтымында, бир кезде Сегизбаев айткан расмий документ азыр табылбай жатат.

«2016-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин Белиз мамлекетинен «Мегаком» компаниясынын акциялары боюнча трасттык документтердин УКМКнын дарегине расмий түрдө келип түшпөгөнү жана бул документтер УКМКда катталбаганы аныкталды» деди атайын кызматтын төрагасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты