Бабановдун иши токтоп турат

Бабановдун иши токтоп туратӨмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иш учурда токтоп турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов билдирди.

Анын айтымында, учурда бул иш боюнча жөнөтүлгөн сурамдарга жооптор күтүлүп жатат.

Бабановдун партиялашы, депутат Руслан Казакбаев ишти териштирүүнү тездетүү зарылдыгын билдирди.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын күзүндө өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, утулган. Анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү Конституциялык түзүлүшкө каршы келери белгиленип, УКМК кылмыш ишин козгогон.

Бабанов учурда Орусияда ишкерлик менен алектенип жүргөнүн анын санаалашы, парламент депутаты Руслан Казакбаев билдирген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты