Садыр Жапаров Токаевди референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевди конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакстандын президенти конституциялык реформанын негизги максаттары жана милдеттери тууралуу кыскача айтып берген.

Мындан тышкары өлкө башчылары Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулаганы айтылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты