«Белизгейт» парламентте кайра каралышы мүмкүн

"Белизгейт" парламентте кайра каралышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясы парламент “Белизгейт” маселесин карап чыгып, өз баасын бериши керек деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн жалпы жыйында фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов жана депутат Каныбек Иманалиев билдиришти. Депутат Жанар Акаев буга чейин “айрым тартип коргоо органдары калпты мамлекеттик деңгээлде айтып келишкенин” эскертип, ошого тиешелүү баа берилиши керектигин белгиледи.

Алмамбет Шыкмаматов «2016-жылы күз айларында ушул парламентке Башкы прокурор, УКМК төрагасы Сегизбаев келип, жалпы парламентти, элди, мыйзамдуулукту жана саясий этиканы тепселеп, калпты айтып кеткен. Ошондон бери туура эки жыл өттү. Эми ошол маселени талкуулап, УКМК жана Башкы прокуратураны чакырып, чекит коелу» деди.

Эки жыл мурун УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев парламентке келип, “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова «Мегаком» деген аталыш менен белгилүү “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын жарыялаган.

Быйыл апрель айында кызматтан кеткен Сегизбаев “Азаттык” менен болгон эксклюзивдүү маегинде «ыкчам булактар» аркылуу алынды делген документтин чын-бышыгы тастыкталбай калганын мойнуна алды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты