Казакстандыктардын 77,1% Конституцияны өзгөртүүнү колдоду
- 2 года мурун
Казакстандын Борбордук референдум комиссиясы 6-июнь күнү эртең менен референдумдун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады. Ага ылайык, референдумга Казакстанда добуш берүүгө укугу бар жарандардын 68,06 % катышты.
Добуш бергендердин 77,18% Конституцияны өзгөртүүнү колдоп, 18,66 % «жок» деп жооп берген.
Комиссиянын статистикасына ылайык, конституциялык өзгөрүүнү эң көп колдогон аймактар Акмоло менен Түндүк Казакстан облустары – 82% . Эң аз колдоону алматылыктар көрсөткөн – 65%.
Казакстан ТИМинин маалыматына караганда, чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелеринде добуш бергендер дээрлик 73% түзгөн.
Мыйзам боюнча добуш берүүгө укугу бар жарандардын 50 пайыздан ашыгы катышса, «референдум өттү» деп эсептелет.
Муну бөлүшүү