Министрлик “Алтын тамга” сынагы кайрадан тапшырылбай тургандыгын билдирди

  • 2 года мурун

Билим берүү жана илим министрлиги артыкчылык аттестатын алуу укугун тастыктай албай калган окуучулар кайрадан сынак тапшырат деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, учурда “Алтын тамга” сынагынын жыйынтыгына нааразы болгондордун арызын кабыл алуу жүрүп жатат. Апелляциянын жыйынтыгы талапкерлердин бардык арыздары каралгандан кийин чыгат.

Быйыл «Алтын тамга» сынагынын жыйынтыгында өзгөчө үлгүдөгү аттестат алуу укугун 80 бүтүрүүчү тастыктай алды.

Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынан өтпөй калган айрым окуучулардын ата-энелери сынакка нааразы болуп жатышканы 3-июнда белгилүү болгон. Атын атагысы келбеген бир нече ата-эне сынактын суроолору түшүнүксүз болуп калгандыктан көпчүлүк окуучу өтө албай калганын, алар балдарын кайрадан тест тапшыртууга министрликке барышканын кабарлашкан.

Билим берүү жана илим министрлиги айрым окуучулар кайрадан тест тапшырып жатканын тастыктаган жана жыйынтыгы менен толук маалымат берилерин билдирген.

31-майда Бишкекте жана облустук билим берүү борборлорунда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы өткөрүлгөн. Министрлик быйыл өзгөчө үлгүдөгү (артыкчылык) сертификат алуу үчүн 2232 бүтүрүүчү ат салышып жатканын маалымдаган. Алардын 1388и окутуу кыргыз тилинде, 803ү орус тилинде жана 38и өзбек тилинде өтүүчү мектептердин окуучулары.

«Алтын тамга» тести 11-классты жалаң 5 деген баа менен аяктап, мыкты жыйынтык көрсөтүп келген окуучулардын билим деңгээлин баалоо үчүн уюштурулат. Жеңүүчүлөргө сыйлык жана артыкчылык күбөлүгү тапшырылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты