«Супара» этно-комплекси өрттөндү

"Супара" этно-комплекси өрттөндү

Кыргыздын этно стилинде жасалган «Супара» ресторанында түн ичинде өрт чыкты. Өрттү өчүрүүгө 7 өрт өчүрүүчү унаа катышканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктады.

Маалыматка караганда, өрт таңкы саат 6:46да толугу менен өчүрүлгөн.

Окуянын видеосун күбөлөр интернетке жүктөгөн.

Эске салсак, «Супара» ресторанын белгилүү ишкер, маркум Табылды Эгембердиев негиздеп, бул жер Бишкек четинде эс ала турган эң кооз жерлердин бирине айланган болчу.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты