Бала сатуу фактысы боюнча жумушчу топ түзүлдү

Бала сатуу фактысы боюнча жумушчу топ түзүлдүБишкектеги бала сатуу фактысы боюнча Саламаттык сактоо министрлиги өз алдынча жумушчу топ түзүп, иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу мекеменин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева билдирди. Анын айтымында, жумушчу топ мамлекеттик жана менчик төрөткана, клиникалардын баары текшерип чыгат.

«Азыр укук коргоо органдары иштеп, тергөө жүрүп жатат. Окуяга кайсы бейтапкана, кайсы дарыгердин катышканы ошол иштер бүткөндөн кийин ачыкка чыгат. Мен азыр тергөөгө байланыштуу кимдер кармалганын айта албайм» деди ал.

Бишкектеги Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун биринде иштеген гинекологдор бала сатууга шектелип 7-сентябрда кармалышкан. Окуя кайсы медициналык мекемеде болгону жана канча дарыгер кармалганы тууралуу милиция азырынча маалымат бере элек.

Кыргызстанда ымыркайды соодалоо менен шугулдангандардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси («Адам сатуу») менен кылмыш иши ачылат. Ага ылайык, айыбы аныкталган адамдын мүлкү конфискацияланып, он жылга чейин камалат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты