Сузакта 39 жаштагы аял күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болду

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 39 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, келиндин күйөөсү 1-июнда кечинде мас болуп келип, жубайы менен уруша кеткен. Ал аялын сабап, кийин кайра элдешкен. Келиндин каза болгону кийинки күнү эрте менен белгилүү болгон.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары маркумдун күйөөсү кармалды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты