Ысык-Көлдө демөөрчүлөрдүн каражатына президенттик мектеп курулуп жатат

  • 2 года мурун

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында таланттуу балдар үчүн президенттик мектеп салынып жатат. Мектептин курулушу менен бүгүн, 2-июнда мамлекет башчысы Садыр Жапаров таанышып келди.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мектеп 220 окуучуга ылайыкталган.

Билим берүү мекемеси Саламаттык сактоо министрлигинин балансында турган курорттордун биринин аймагында демөөрчүлөрдүн каражатына курулуп жатат.

Курулуш Орусиянын Сочи жана Санкт-Петербург шаарларындагы мектептердикиндей жүргүзүлөт.

Анда өлкөнүн бардык аймактарынан барган таланттуу балдар билим алып, талантын жана жөндөмүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Садыр Жапаров бул объектинин курулушун 2022-2023-жаңы окуу жылына чейин бүтүрүүнү тапшырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты