Баткендеги стадиондун курулушу боюнча кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Баткен шаардык мэриясынын жооптуу кызматкери шаардагы стадиондун курулуш ишине ИП “С” жана ЖЧК “ЖП” уюмдарын тендер өткөрбөй туруп тартканы аныкталды. Бул тууралуу Баткен облустук прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, стадионду асфальттоо, трибунасын, чечинип-кийинген жайын оңдоо жана жарыктандыруу иштери бүткөн соң жасалма тендер өткөрүлүп, анда ИП «С» асфальттоо боюнча 8 млн 494 миң 670 сомдук, «ЖП» ЖЧКсы курулуш иштерине 6 млн 481 миң 394 сомдук тендер утуп алган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ИП “С” ишканасы асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү уруксат кагазы жок туруп иш жүргүзүүгө макулдук алганы аныкталган. Мындан тышкары тендердин шарттарына ылайык каржыны бөлүп төлөө шарттары аткарылбастан акча толук которулган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесине ылайык (Кызмат абаланын кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш иши козголду.

Быйыл президент Садыр Жапаров Нооруз майрамын Баткен облусунда белгилеген. Анын алдында стадион оңдолуп-түздөлүп, асфальт басылган.

Буга чейин Баткен шаарынын борбордук стадионуна жаңы эле төшөлгөн асфальтты чөп басып кеткен сүрөттөр социалдык тармактарга жарыяланып, коомчулуктун сынына кабылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Баткендеги асфальт төшөө иштерине байланыштуу жагдайды көзөмөлгө алганын билдирген. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты