Президент Жапаров Кыргызстан-БАЭ өнүктүрүү фондун түзүүнү сунуштады

  • 2 года мурун

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) экономика министри Абдулла бин Таук Аль Маррини кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Жапаров соода-экономикалык мамилелерди активдештирүү жана ишкердик байланыштарды чыңдоо максатында Кыргызстан менен Эмираттардын ортосунда биргелешкен өнүктүрүү фондун түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Мындан тышкары ал туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн дагы белгилеп өттү.

Маалыматка караганда, 2021-жылы Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы соодо жүгүртүүнүн көлөмү 70 млн долларды түзгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты