III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи өтүп жатат.

Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон өкмөт өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын алкагында Көчмөндөрдүн кийинки оюндарын өткөрүү эстафетасы Түркияга берилди. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин башкы директору Канат Аманкулов мөңгү суусу жана Көчмөндөр оюндарынын туусун Түркиянын спортчусу, Олимпиада оюндарынын чемпиону Хамза Ерликаяга тапшырды.

Жабылыш аземинде сөз сүйлөгөн өкмөт башчы Абылгазиев III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Кыргызстанда маанилүү окуялардын бири болуп калганын, бул улуттардын, ар кайсы конфессиялардын биримдигин бекемдеген ири иш-чарага айланганын белгиледи. Спорттук, маданий иш-чаралар жогору деңгээлде өткөнүн айтып, кыргыз элинин мекенчилдигин жана меймандостугун баалап, уюштуруучуларга, иш-чарага катышкан бардык жарандарга ыраазычылык билдирди.

Буга чейин Көчмөндөр оюндарынын эн белгиси Кыргыз Республикасына таандык болгондуктан Түркия аны Кыргызстандын уруксаты менен колдоно турганын Туризм департаментинин башчысы Азамат Жамангулов билдирген. Ал оюндардын логотиби өзгөрбөй турганын кабарлаган.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында мелдештердин программасына спорттун 37 түрү кирген. Анда жалпысынан 594 медаль топтому ойнотулду. (174ү алтын, 173ү күмүш, 247си коло). Оюндарга жалпысынан 70тен ашуун өлкөдөн 2 миңге жакын спортчу катышты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты