Баласы менен төртүнчү кабаттан секирген келиндин абалы оор

Баласы менен төртүнчү кабаттан секирген келиндин абалы оорОш шаарында жети айлык баласы менен кошо төртүнчү кабаттан кулаган келиндин абалы оор. Шаардык милициянын маалыматына караганда, ал Ошко конокко келген.

6-сентябрда кечке жуук өзү конокко келген жатакана тибиндеги үйдүн төртүнчү кабатынан колундагы жети айлык баласы менен түшүп кеткен. Милиция анын бийиктен бой таштаганы божомолдонуп жатканын билдирип жатат. Натыйжада, эне-бала ооруканага жеткирилген.

Милиция келин Кара-Балта шаарынан Ошко конокко барганын айтууда. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты