ТИМ Кыргыз-Түрк “Манас” университетиндеги семинарга байланыштуу иликтөө жүргүзөт

  • 2 года мурун

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Фетхуллахчы террор уюму. Параллелдүү мамлекеттик түзүм” (ред: түрк бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) деген аталышта өткөн семинарга байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзөт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө ТИМдин расмий өкүлү Авазбек Атаханов окуу жай эки мамлекеттин достугун чыңдоого салым кошушу керек экенин белгилеп, саясий курал болбошу керектиги айткан.

“Окуу жайдын жетекчилиги эки өлкөнүн элдеринин ынтымагынын духуна таянып, мындай иш-чараларга өзүнүн аянтчасын берип, араздашууга салым кошпошу керек. Бул университет эки тараптуу билим берүү жаатындагы эң ийгиликтүү долбоорлордун бири болгондуктан, кандайдыр бир күчтөрдүн саясий куралына айланбашы керек», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

31-майда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Фетхуллахчы террор уюму. Параллелдүү мамлекеттик түзүм” деген аталышта семинар өтүп, ага Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган катышкан.

Буга байланыштуу жарандык активист Гүлжигит Исаков Тышкы иштер министрлигине университетке чара көрүүнү талап кылып кайрылган. Исаков “Кыргызстанда мындай тыюу салынган террордук уюм жок экенин”, университет “билим берүү ишинен четтеп, Түркия бийлигинин саясатын Кыргызстанга таңуулап жатканын” айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты