6-декабрга карата аба ырайы

  • 6 месяцев мурун

Кыргызгидромет билдиргендей, 6-декабрга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

АБАНЫН ТЕМПЕРАТУРАСЫ:

Чүйдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12;

Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11;

Баткенде түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…+5, күндүз +2…+7;

Нарында түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…+5;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 0…-2, күндүз +9…+11 градус жылуу.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты