Гимнди туура эмес ырдаган депутат кечирим сурап, кайра ырдады

Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Түлендибаев гимнди туура эмес ырдаганы үчүн элден кечирим сурады.

“Гимн — кыргыз элибиздин башкы мамлекеттик символдорунун бири. Анда биздин байыркы тарыхыбыз, эркиндикке болгон мүдөөбүз жана жаркын келечекке карай умтулуубуз туюнтулган. Гимнди эгемен өлкөбүздүн ар бир атуулу билүүгө милдеттүү. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Гимнибизди жаңылыш аткарып алганым үчүн кыргыз элимден башымды ийип кечирим сурайм жана абдан өкүнгөнүмдү билдирем. Ошондой эле Гимнибизди мындан ары кынтыксыз аткарууга милдеттеме алам”, — дейт эл өкүлү.

Ал гана эмес башына ак калпак кийип, гимнди кайра ырдап берген:

Буга чейин журналисттер депутаттарга гимнди ырдап берүүсүн суранып кайрылган болчу. Эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү жаңылып, туура эмес ырдашкан. Алардын ичинен эң эле туура эмес ырдаганы депутат Пархат Түлендибев болгон болчу.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты