“Коопсуз шаардын» кооптуу аукциондору

“Коопсуз шаардын" кооптуу аукциондоруБишкектеги “Коопсуз шаар” долбоорундагы сынакта орусиялык «Вега» концерн ишканасы 1 млрд. 125 миллион сом сунуштап аукциондо алдыга чыкты. Ачык сынак онлайн-аукцион режимде өтүп, катышуучу компаниялардын аттары монитордон көрүнгөн жок. Аукцион үч лот менен өтүп, биринчи айлампада 1 млрд. 148 млн. сом, экинчисинде 1 млрд. 212 млн. сом, үчүнчүдө 1 млрд. 125 миллион сунушталды.

Аукциондун шарты боюнча долбоорду ишке ашырууга эң төмөнкү сумманы сунуштаган компания утту деп табылат. Сынакка алдыга чыккан компаниядан башка Маалыматтык коопсуздук системасы жана “Альфа телеком» катышкан.

Буга чейин долбоорду ишке ашырчу компанияны тандоо боюнча 23-августтагы онлайн-аукцион үзгүлтүккө учураган. Буга аукцион өтүп жаткан Мамлекеттик сатып алуу порталынын онлайн системасы бузулганы жүйө келтирилген. Натыйжада 27-августта кайрадан тендер жарыяланып, анын убактысы 4-сентябрга белгиленген.

Журналисттердин көз алдында система алгач аукциондун жыйынтыгын чыгарып, 50,5 млрд. сом сунуш кылган «Мегалайн» фирмасын жеңүүчү деп тапкан. Ал эми “Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга 2,5 млрд. сомго тендер жарыяланганы белгилүү. Мамлекеттик сатып алуулар департаменти автоматтык система бузулуп, туура эмес эсептегенин жарыялаган. Ушуну менен менен “Коопсуз шаар” долбоору боюнча төрт жолу тендер өтпөй, бешинчи жолу жарыяланды.

Өкмөттүн коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылууну көздөгөн «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу аракети бир нече жылдан бери аткарылбай келет. Буга чейин үч жолу сынак өтүп, Кытайдын жана Орусиянын компаниялары утканы айтылган, бирок иш андан ары ордунан жылган эмес. Тараптардын талаш-тартышы сотко чейин жеткен.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты