Зайырбек Эргешов: “Диний билим берүүнү иретке келтиребиз”

Булан институтунун өткөн айда жарыялаган Диний окуу жайлардагы, анын ичинде медреселердеги абал тууралуу доклады коомчулукта чоң талкуу жаратты. Кыргызстандагы диний билим берүүгө байланышкан жагдай жана аны реформалоо кандай жүрүп жатканы тууралуу Булан институтунун суроолоруна Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов: “Диний билим берүүнү иретке келтиребиз”Зайырбек Эргешов жооп берген.

– 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын концепциясында диний билим берүүнү реформалоо маселеси да камтылган. Бул реформа кандай жүрүүдө жана азыр кайсы баскычка келди?

– Бул концепциянын экинчи чоң бөлүгү – дин таануу жана диний билим берүүгө арналган. Өлкөбүздө азыр 112 диний окуу жай бар. Алардын 102cи медресе, ону жогорку ислам окуу жайлары – бири университет, калган тогузу институт. Акыркы эки жыл ичиндеги чоң өзгөрүү катары Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университетте теологиялык колледж ачылышын айтсак болот. Азыр анда 57 студент билим алат. Бул колледж Билим берүү министрлигинен лицензия алган жана окуу программасы мамлекеттик стандартка жооп берет. Анда диний билим менен кошо светтик билим да берилет. Маселен, кыргыз, орус, англис тилдери, математика сыяктуу он чакты светтик сабактар киргизилген. Окуу жайды аяктагандар мамлекеттик үлгүдөгү дипломго ээ болуп, билимин андан ары жогорку окуу жайда уланта алат.
Мындан тышкары ушул эле Арабаев атындагы университетте кайра даярдоо институту ачылган. Анда муфтият, казыяттарда иштеген дин аалымдары, имамдар билимин өркүндөтүүдө жана алардын билим деңгээлин текшерүү үчүн аттестациялар өткөрүлүп турат. Маселен, 2015-жылы 1552, 2016-жылы 808 дин кызматкери аттестациядан өттү. Бул жерде да светтик сабактар кошо окутулат.
Дагы бир өзгөчөлүк – республика боюнча жалпы билим берүүчү он мектепте 9-класстар үчүн Дин маданиятынын тарыхы деген предмет пилоттук долбоор катары киргизилди. Сабактын көлөмү азырынча 16 саат. 2017-2018-окуу жылында бул сабак дагы 46 мектепке жайылтылып, жалпысынан 57 мектепте окутула баштайт. 2019-2020-окуу жылында өлкөдөгү бардык мектептерге киргизилет. Негизги максат – окуучуларга дин жана диндердин тарыхы, маданияты тууралуу түшүнүк берүү менен жаш муунду экстремизм, терроризм сыяктуу терс көрүнүштөргө каршы калыптандыруу, окуучуну туура жолго салуу.
Диний билим берүү абдан маанилүү тармак, муну жолго

Зайырбек Эргешов: “Диний билим берүүнү иретке келтиребиз”

Булан институту билим берүү тармагындагы көйгөйлөр боюнча иш алып барууда. Өткөн айда Диний билим берүү тармагы жана медреселер тууралуу баяндамасын жарыялаган. Жакында Кыргызстандагы жаңы мектептердин курулушу жана авариялык абалдагы мектептер тууралуу баяндамасы чыкмакчы. Булан институтун журналист жана конфликтолог Чолпон Орозобекова жетектейт. Биздин гезит Булан институтунун кызыктуу материалдарын жарыялап турмакчыбыз.

коюшубуз керек. Акыркы жыйырма жыл ичинде буга жакшы көңүл бурулбай келди, диний окуу жайларда эмне окутулуп жатканы каралган эмес. Натыйжада жалпы билим берүү менен диний билим берүү ортосунда ажырым пайда болуп калган. Эми мындан ары  диний билим берүүчү жайларда да Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген, жалпы мамлекеттик стандартка жооп берген сабактар окутулушуна жетишүүбүз керек.
Азыр диний билим берүү мекемелерине мониторинг жасалууда. Анын жыйынтыгы менен алар Билим берүү министрлигинен лицензия алышы керек. Ага диний окуу жайлар окуу программасын мамлекеттик стандартка шайкеш келтирүү менен жетише алат.

– Аз күн мурда муфтий Максат ажы Токтомушев экөөңүздөр президенттин кабыл алуусунда болдуңуздар. Анда диний билим берүүнү реформалоо тууралуу да сөз болсо керек?

– Албетте, президент менен жолугушууда диний билим берүүнүн абалы, багыты, келечеги туурасында да сөз болду. Бул багытта кандай иштерди аткаруу боюнча президентибиз тарабынан бир топ сунуштар айтылып, тапшырмалар берилди.

– Медреселерди аттестациялоо акыркы жолу качан жүргөн жана андан кандай жыйынтык болду?

– Медреселерди аттестациялоо 2016-жылдан бери жүрүп, окуу программаларына мониторинг жасалууда. Анын жыйынтыгы менен медреселерге үч ай убакыт берилет. Ушул үч ай ичинде алар окуу программаларын иретке келтирип, мамлекеттик стандарттарга шайкеш келтирүүгө тийиш. Процесс башталды, буюрса жакынкы жылдары медреселердин баары тартипке салынат.

– Медреселерди каттоо тартиби жана талаптары кандай?

– Медреселерди Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия каттайт. Бизде коюлган талаптар боюнча 13 пункттан турган тизме бар. Диний окуу жайлары ошол критерийлерге жооп берсе эле каттай беребиз. Каттоо жараяны андай деле татаал эмес.

– Катталбаган медреселер да барбы?

– Жогоруда айткандай, азыр өлкө боюнча каттоодон өткөн 95 медресе бар. Соңку маалыматтар боюнча, катталбаган медреселер жокко эсе. Бул эми азыр жүрүп жаткан мониторингдин натыйжасында дагы так аныкталат. Эгер документтери толук болбой, же туура эместиктен каттала элек медреселер болуп калса аларды жаап койгонго бизде толук укугубуз бар.

– Диний билим берүүнү реформалоо концепциясы качан күчүнө кирет, талкуулар бүтүп калса керек?

– Ооба, талкуу толук бүттү. Концепция быйыл күчүнө кирет. Азыр ал өкмөт тарабынан бекитилүү алдында турат.

– Бул концепциядагы максаттарды ишке ашырууда каржы жагы кандай чечилет?

– Жалпысынан диний концепцияны ишке ашырууга 2015-2020 – жылдар үчүн  республикалык бюджеттен 22 миллион сом бөлүү каралган. Өткөн 2015-2016-жылдар үчүн каражат жагы бир аз тартыш болду. Бирок Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы ага карабай ички ресурстардын эсебинен жана донорлордун жардамы менен бул жылдар үчүн белгиленген иштердин көбүн жүзөгө ашырдык.

– Жогоруда бул концепцияга ылайык, диний окуу жайларга светтик билим берүү киргизилерин айттыңыз. Аны ишке ашырууда финансы маселеси кандай чечилет, башкасын айтпасак да мугалимдердин айлыгы кайсы тараптан төлөнөт?

– Бул абдан татаал маселе, азырынча так чечиле элек. Негизи диний окуу жай лицензия алгандан кийин бул маселе мамлекеттик бюджеттен жана донор уюмдар тарабынан каржыланыш керек. Буга чейин медреселер өздөрүнүн ички булактарынын, же демөөрчүлөрдүн эсебинен каржыланып келген. Азыр деле ошондой.
Бир мисал айтсак, Ислам университети азыр Билим берүү министрлигинен лицензия алганы атат. Светтик предметтер киргизилген соң мамлекеттик ички резервден камсыз кылууну суранып жатышат. Бирок бул маселе азыр так чечиле элек. Бизде мамлекеттик башка жогорку окуу жайларга өкмөт тарабынан аз да болсо акча бөлүнөт. Бирок алар негизинен келишимдик негизде окутуудан түшкөн каражат менен өзүн-өзү каржылайт. Ошондуктан диний окуу жайлар да ушул жолго өтүшү мүмкүн. Ислам университетинин жетекчилиги менен сүйлөшкөнүбүздө да келечекте ушул жолго өтүү туура болмоктугун айтууда. Кыскача айтканда, азыр бул маселени чечүү жолдору изделип жатат.

Материал Булан институтуна таандык, www.bulaninstitute.org

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты