Олуттуу маселелер кабыргасынан коюлган саммит

Олуттуу маселелер кабыргасынан коюлган саммитЫсык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 6-саммити өттү. Саммитке кеңеш мүчөлөрү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана бул жолку жыйынга байкоочу катары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышты. Чолпон-Атада саммиттин декларациясына кол коюлуп, түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүү концепциясы кабыл алынды. 

Саммитте кеңештин төрагалыгын Казакстан Кыргызстанга өткөрүп берди. КР президенти Сооронбай Жээнбеков түрк тилдүү мамлекеттер кеңешине Өзбекстандын кошулушу жаңы дем берери өз сөзүндө билдирди. Аны менен катар эле Венгрия бул саммитте байкоочу деген макам аларын маалымдады.

“Европанын борборундагы Венгриянын өзүнүн түрк тарыхын жана каада-салтын унутпаганы сүйүндүрөт. Бул уюмдун географиясынын кеңейип жатканын бекемдейт”, — деди Жээнбеков.

Ошондой эле Кыргызстан бул кеңештин алкагында инвестициялык жана экономикалык кызматташтыгын тереңдетүү зарылдыгын белгиледи.

“Кыргызстан деңизге чыга албаган мамлекет катары Чыгыш менен Батыштын соодасын байланыштырган транспорттук маршруттардын өнүгүшүн каалайт. Ошондуктан Кытай Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна маани берет”, — деди Жээнбеков.

Тоолуу Карабак маселеси

Олуттуу маселелер кабыргасынан коюлган саммитАзербайжандын президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабак маселесин көтөрдү. Ал бул аймак узак жылдар бою армян оккупациясында турганын белгилеп, анын айынан Азербайжан аймагынын 20 пайызы бул өлкөнүн көзөмөлүндө экенин билдирди. Азербайжан президенти «Армения согуштук кылмыштарды жасап жатат» деп муну геноцид катары баалады. Буга байланыштуу Алиев түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин алкагында аймактык коопсуздук маселелерди, жаңы тобокелчиликтерди талкуулоону сунуштады.

1 миллионго жакын качкын өз жерин таштап кетүүгө мажбур болду. 10 миңден ашык адам дайынсыз. Армения биздин диний жана тарыхый эстеликтерди талкалады. Ушундай кылмыш үчүн алар жооп бериши керек,- деди Алиев.

Гүлен маселеси кайра козголду

Түрк бийлиги 2016-жылы Гүленге таандык деп эсептелген Кыргызстандагы «Себат» билим берүү мекемелерин жабууну Бишкектен талап кылган. Кыргыз бийлиги аларды жабууга негиз жок экенин белгилеген. Эки өлкөнүн мамилеси ошондон кийин сууй түшкөн. “Себат” билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келатат. Былтыр аталашы «Сапат» деп өзгөргөн.

Олуттуу маселелер кабыргасынан коюлган саммит

Тилин жана маданиятын сактап калгысы келген Венгрия

Венгрия тилин жана маданиятын сактоо үчүн түрк тилдүү өлкөлөр менен кызматтарын жыйында байкоочу катары катышып жаткан Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан билдирди. Анын айтымында, Венгрия Европада жайгашып, НАТОнун мүчөсү болгону менен чыгыштагы мамлекеттер менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар.

«Глобалдашкан дүйнөдө Венгрия өз тилин жана маданиятын сактап калууга аракеттенет. Өз түбүбүздү жакшы билебиз, XXI кылымда ушул сыяктуу мамлекет болуп, улуттук өзгөчөлүгүбүз менен сыймыктанабыз. Бул чындык. Батыш бул чындыкты кабыл албайт. Бирок буга карабай түрк тилдүү мамлекеттер менен жакындыгыбызга сыймыктанабыз», — деди Орбан.

Кезектеги саммит Азербайжан өткөрөт

2019-жылы бул саммит Азербайжанда өтө турган болду. Бул тууралуу кеңешке жаңы баш катчы болуп бекитилген, Казакстандын өкүлү Багдат Амреев билдирди. Ал Өзбекстан азырынча уюмга кошула электигин, «жакын арада толук кандуу мүчө болот» деп ишенерин кошумчалады. Буга чейин  Өзбекстан уюмга расмий түрдө кошулушу ыктымалдыгы айтылган эле. Саммитте кеңештин мурдагы баш катчысы Рамил Гасан кызматын тапшырып, ордуна 59 жаштагы Багдат Амреев бекитилди.

Олуттуу маселелер кабыргасынан коюлган саммитТүрк тилдүү мамлекеттер саммити 2010-жылы расмий түрдө ишин баштаган. Ага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия мүчө. Кыргызстанда кеңештин саммити экинчи ирет өтүп жатат. Буга чейин 2012-жылы Бишкекте өткөн эле. Кыргызстанга саммит өткөрүү кезеги 2016-жылы берилип, эки жылдан бери өтпөй келген.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты