Президент Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөн төрт ишкана боюнча түшүндүрмө берди

  • 2 года мурун

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине курган маегинде мамлекеттик төрт ири ишкананын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилиши боюнча түшүндүрмө берди.

Жапаров бул чечим санариптештирүү процессин тездетүү жана улуттук экономиканын бардык тармактарында санариптик платформаларды ишке киргизүү боюнча чыгымдарды кыскартуу максатында кабыл алынганын билдирген:

«Дастан», «Кыргызтелеком», «Альфателеком», «Евразия сактык банкы» баарын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берип, ушулар аркылуу санариптештирүүнү ишке ашыралы деген чечим кабыл алдык. Себеби, санариптештирүүдө ушул мекемелер бири-бирине тыгыз байланышкан«.

Президенттин айтымында, бул чечимди ишке ашыруу менен мамлекет төмөндөгүдөй артыкчылыктарга ээ болот:

1) «Дастан» ачык акционердик коомунун милдети:

— маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча 2 мамлекеттик борбордун (МИЧ) ишин камсыздайт;

— менин көрсөтмөм боюнча түзүлгөн маалыматтык системаларды жана жаңы санариптик платформаларды үзгүлтүксүз интеграциялоону камсыздайт;

— мамлекеттик ишканалардын ортосунда учурдагы жүктөмдү эске алуу менен колдонуудагы эсептөө инфраструктурасын жана маалыматтарды сактоо системаларын бөлүштүрүүнү камсыздайт;

– өлкөнүн маалымат борборлорунун сапаттуу курулушун камсыз кылат;

⎯ өлкөдөгү юридикалык жана жеке жактар үчүн санариптик кызматтарды түзөт;

⎯ байланыш жана санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдигине бааларды оптималдаштырат жана өлкөнүн санариптештирүүгө корогон чыгымдарын азайтат, консолидациялайт;

— Дата-борбор бардык маалыматтык системаларды консолидациялоого, алардын коопсуздугун камсыздоого жана өлкөнүн маалыматтык коопсуздугунун көйгөйлөрүн чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

2) «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун жана «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун милдеттери:

⎯ Бул акционердик коомдордун алкагында Кыргыз Республикасында санариптештирүү процесстеринин бирдиктүү башкаруу борбору түзүлөт;

⎯ Ал өз карамагына бирдиктүү платформа жана санариптик чечимдердин архитектурасын камтыйт;

— санариптик системаларды өнүктүрүүгө багытталган тендердик документтерди даярдоо боюнча бирдиктүү борбор түзүлөт;

⎯ санариптик платформалардын бардык элементтерине маалыматтардын жүктөлүүсүн өлчөйт;

⎯ маалымат агымдарын жана байланыш каналдарын башкаруунун бирдиктүү борбору катары кызмат өтөйт;

⎯ мамлекеттик керектөөчүлөр үчүн тарифтик саясатты оптималдаштырат;

⎯ Кыргыз Республикасынын министрликтерин жана ведомстволорун жабдуунун консолидацияланган муктаждыгын калыптандырат;

⎯ байланыш каналдарын оптималдаштырат;

⎯ кызматкерлердин санын азайтып, компаниялардын мүмкүнчүлүгүнүн натыйжалуулугун арттырат;

3) «Евразиялык сактык банкы» ачык акционердик коомунун милдети:

— Республикада толук кандуу санариптик банкты куруу учурдун талабы.

Аны ишке киргизүү менен биз төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ болобуз:

А) Банктын санариптештирилген бизнес-процесстерин маалымат тутумуна киргизет. Бул бизнес-процесстин айкын аткарылышы менен тыгыз интеграциясын (шайкеш келишин) камсыздап, бизнес-процесстин графикалык моделдеринин болушуна өбөлгө түзөт. Башкача айтканда, бизнес-процесстин графикалык моделдериндеги жана ишиндеги өзгөрүүлөрү тоскоолдуктарды жоюуда убакытты аз сарптоого көмөктөшөт.

— Маалыматтын бизнес-процесстеги өлчөө саны көп жана ал каттоодон өтөт: Биз KPI аркылуу көрсөткүчтөрдү, убакытты, сапатты, жыйынтык берүүнү, натыйжалуулуку, наркты жакшыртып, операциялык тобокелдиктер, кызматкерлердин жана кардарлардын иш-аракеттеринин бизнес-процессти аткарууда, катышууда таржымалын ачык көрө алабыз.

Б) Бизнес процессинде толук электрондук документ жүгүртүү;

— Азык-түлүк, кызмат көрсөтүүлөр баштаган жалпы алып-сатуу аракеттери электрондук түрдө ишке киргизилет жана бул кардарлардын өзүн-өзү түз тейлөөсүнө чоң көмөк көрсөтөт. Муну жарандар интернет-банкинг жана бул жааттагы башка кызматтар аркылуу колдонууга болот;

⎯ донорлор жана өнүктүрүү институттары менен иштөөдө ишканалардын инвестициялык артыкчылыгын жогорулатат.

Президент Жапаров бул иштерди ишке ашыруу үчүн министр Имановго бир жыл убакыт берилгенин, айтылган мөөнөттө ишке ашыра албаса, жоопко тартыларын кошумчалаган:

«УКМК, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги Ширшовго же министрге схема түздүрүп, уурдатып коюп карап олтургудай, “эшек такалап” олтурушкан жок. Андан сырткары, биз уурдатып коюп карап олтургудай келесоо эмеспиз. Биз деле кыргыздын “еврейибиз”. Чычканга кебек алдырбайбыз«.

10-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кыргызтелекомду», «Альфа Телекомду», «Дастанды» заводу жана «Евразия сактык банкын» Мамлекеттик мүлк фондунан Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүү тууралуу токтомго кол койгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты