Дүйнөнү дүңгүрөткөн көчмөндөр оюну сандар менен

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көлдө өтүп жатат. Кечээ Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ат майданда салтанаттуу түрдө ачылды. Биз бул оюн тууралуу фактыларды бир материалга топтоого аракет кылдык.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн көчмөндөр оюну сандар менен

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 77 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу келди.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн көчмөндөр оюну сандар менен

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматына караганда,  катышуучулар күрөш, алыш, ат чабыш, жаа атуу сыяктуу спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн көчмөндөр оюну сандар менен

Ушул күнгө чейин оюндарга катышуу үчүн 66 мамлекеттен жана Орусиянын он бир субъектисинен 1556 киши арыз берген.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн көчмөндөр оюну сандар менен

Быйылкы жылы 594 медал ойнотулат. Анын 174ү алтын, 173ү күмүш, 247си коло.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн көчмөндөр оюну сандар менен

Жалпы байге фонду 28 миллион сом деп эсептелди.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн көчмөндөр оюну сандар менен

Салтанатка Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Татарстан президенттери, Венгрия премьер-министри, БАЭге караган Фужейра эмирлигинин мураскер канзаадасы күбө болуп жатышат.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн көчмөндөр оюну сандар менен

Көчмөндөр оюнунун ачылышында 1000 адам бир учурда Манас айтып, 1000 адам темир комуз ойноду.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн көчмөндөр оюну сандар менен

Кыргызстан Көчмөндөр оюндарын 2014-жылы биринчи жолу өткөргөн. Ага 19 өлкөдөн 583 спортчу катышкан. Мелдештер этноспорттун 10 түрү боюнча өткөрүлгөн.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн көчмөндөр оюну сандар менен

Ал эми 2016-жылы экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына 62 өлкөнүн 1200 спортчусу катышкан. Мелдештер этноспорттун 26 түрү боюнча өткөрүлгөн.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн көчмөндөр оюну сандар менен

 

Сүрөттөр Султан Досалиевдики

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты