Жалал-Абадда темирди кайра иштетүүчү заводдон өрт чыгып, жети адам жараат алды

  • 2 года мурун

Жалал-Абад шаарындагы темирди кайра иштетүүчү заводдун меш жарылып, жети адам күйүк алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

ӨКМден билдиришкендей, жабыркагандардын үчөө оор күйүк алып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Төртөө жеңил күйүк алып, медициналык кароодон өткөндөн кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Азырынча кырсыктын себептери жана зыяны тактала элек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты